КР УИА мүчө-корреспонденти профессор Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна "ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН МАКСАТТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ" боюнча семинар өттү.

2024-11-28 11:51:04 20

2024- жылдын 24 - октябрында Ош мамлекеттик университетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасынын башчысы, б.и.д., профессор Кыргыз республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна магистранттар, аспиранттар, докторанттар жана студенттер үчүн "ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН МАКСАТТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ" боюнча илимий - практикалык семинар өттү. Катышуучуларга туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда ар бир жарандын орду бар экенин айтты. Бул максаттарды ишке ашырып, жашоодогу жеңилдиктерди түзүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Мындан сырткары семинардын катышуучуларынын кызыктуу суроолоруна жооп берди.