PhD ДОКТОРАНТТАР ИЛИМИЙ СТАЖИРОВКАДАН ӨТҮШТҮ

2024-12-11 11:31:21 39

ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологияла институтунун Электроэнергетика жана электротехника программасынын PhD докторанттары А. Жороев жана Ж. Жумакуловдор теориялык жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн 2024-жылдын 27-ноябрынан 4-декабрына чейин Өзбекстан Республикасынын Фергана политехникалык институтунун “Электроника жана прибор куруу” кафедрасында илимий тажырыйба алмашуудан өтүп келишти. Илимий тажырыйба алмашуу учурунда докторанттар “Электроника жана прибор куруу” кафедрасынын Кайра жаралуучу энергия булактары тармагында илимий-изилдөөлөр менен, ошондой эле практикалык жана эксперименталдык изилдөөлөр, талаа сыноолору жана институттун өндүрүштүк технопарктары менен жеринен таанышып келишти. Чет өлкөлүк илимий жетекчиси профессор С.Ф. Эргашев менен биргеликте илимий изилдөө темаларына байланыштуу бирден макала жана баяндамалардын тезистерин даярдап жакшы жыйынтыктар менен келишти.