2024-12-13 03:23:55 19
Ош мамлекеттик университетинде 2024-жылдын 30-ноябрында “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XI аймактык студенттик илимий конференцияны аспирантура жана докторантура бөлүмү өткөрдү. Конференцияга түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан илимий макалалары менен 450гө жакын алдыңкы студенттер, магистранттар жана 150гө чукул алардын илимий жетекчилери, окумуштуулар, ЖОЖдордун илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты. Пленардык жыйында 7 жогорку окуу жайдын студенти баяндама жасады. Жаш илимпоздордун илимий макалалары илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 20 секцияда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор, катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды. Бул иш-чара университетте 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан салттуу иш-чара болуп эсептелет. “Жаш илимпоздор үчүн уюштурулган бул иш-чараны 2014-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүп келе жатабыз. Бул жылы 11-ирет конференцияны өткөрдүк. 2020-жылы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу онлайн форматта уюштурганбыз. Бул илимий иш-чара студенттик коомчулуктун жана жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын жана жыйынтыктарын талкуулоо, колдонуу үчүн максаттуу, жалпы аянтчага айланды. Студенттердин, магистранттардын илимий изилдөөлөрүн активдештирүүгө, өнүктүрүүгө, адис катары көндүмдөрдүн пайда болуусуна жана калыптануусуна өбөлгө түзүүдө. Ошону менен бирге, аймактык конференция студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын, окуу жайлардын байланыштарын бекемдөөгө да салым кошууда. Көптөгөн студенттердин мыкты билим алуусуна, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнө шык-дем, түрткү берип келет. Конференциянын алгачкы катышуучулары аспирантураны аякташып, кандидаттык диссертацияларын коргоп калышты”, − деген пикирлерин уюштуруп жаткан аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн кызматкерлери жана башка конференциянын алгачкы катышуучулары билдиришти.