2024-12-28 09:34:10 238
2024-жылдын 28-декабырында "PhD диссертацияга коюлган эл аралык талаптар жана алардын ОшМУда ишке ашуу жолдору" аталышындагы тегерек столду аспирантура жана докторантура бөлүмү уюштурду. Чакырылган коногубуз, ОшМУнун мыкты бүтүрүүчүсү, Казакстантагы Назарбаев атындагы университетинин профессору PhD доктор, Шаматов Дүйшөн Алиевич PhD диссертацияга коюлган эл аралык талаптар жөнүндө маалымат берди. Талкууга ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, бөлүм башчылар, PhD программа жетекчилер, кафедра башчылар, профессорлор, доценттер, окутуучулар,PhD докторанттар активдүү катышышты. Кызыктуу суроолор талкууланды. Жыйынтыгында PhD диссертацияга коюлган эл аралык талаптар эске алынаары белгиленди. Тиешелүү документтер программа жетекчилерге таркатылат. Prof. Doc. Дүйшөн Алиевич Э Харгривз жана Д. Ширлинин студенти болуп басмага даярдаган "Төртүнчү жол: келечекке шыктандырган билим берүүдөгү өзгөрүүлөр" аталышындагы китебин белекке берди.