ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН АСПИРАНТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА БӨЛҮМҮНҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ САНАРИПТЕШТИРИЛДИ

2025-02-12 10:42:22 81

ОшМУнун (2024-жылдын 25-декабрындагы № 7502-ФХД/24 буйругу) Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 1 протоколу менен бекитилген «2023-2026-окуу жылдарга ОшМУнун стратегиялык приоритеттери» жөнүндөгү жана № 4309-ФХД/23 буйругун аткаруу максатында ОшМУнун аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн толук санариптештирүү милдети коюлган. 2025-жылдын 8-январында аталган бөлүмдүн башчысы, б.и.к., доцент Ж.Т. Молдалиевдин бөлүмдүн сайтын санариптештирүү планынын негизинде автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент А.Ж. Кудуев, PhD докторанты Э.О. Дарбанов менен биргеликте “HTML, PHP жана Javascript каражаттарынын каражаттарынын жардамында аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн веб тиркемеси санариптештирилди. Бөлүмдүн жамааты доцент А.Ж. Кудуевге, PhD докторант Э.О. Дарбановго жана ОшМУнун тиешелүү жетекчилерине ыраазычылык билдирет.