2025-02-22 15:42:02 83
2025-жылдын 22-февралында Ош мамлекеттик университетинин аспирантура жана докторантура бөлүмү, гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтунун укук жана социалдык изилдөөлөр бөлүмү тарабынан биргелешкен иш-чара уюштурулду. Тегерек столду ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Э.А. Эшаров, гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтунун директору, т.и.д., доцент Т.О. Омурзакова, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.к., доцент Ж.Т. Молдалиев, А жана Д бөлүмүнүн башкы адиси, ф-м.и.к., доцент Г.М. Анарбаева, “Философия жана политология” кафедрасынын доценти, филос.и.к. Г.А.Токоевалар тегерек столду ачышып доклад жасаган аспиранттарга ийгиликтерди каалап, иш чаранын маанилүүлүгүн катышуучуларга билдиришти. Илимий иш чаранын максаты: Кыргыз үй бүлөөсүнүн баалуулуктарын сактоо, тарбия жана билим берүү менен глобалдаштыруу шарттарына кантип ийгиликтүү ыңгайлаша алары тууралуу талкуу жүргүзүү болгон. Илимий иш-чаранын милдеттери: Кыргыз үй-бүлөсүндөгү мурдагы жана учурдагы баалулуктарды салыштыруу жана алардын трансформацияланышын аныктоо. Үй-бүлөлүк институтту чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Алып баруучулар: аспирант Рысбаева Максат, Самиева Айсана. Баяндама жасаган аспиранттар: 1. Абжапар кызы Фарида “Үй-бүлөдөгү Y, X, Z жана Alpha муундарынын мамиледеги өзгөчөлүктөрү”. 2. Абдуматова София “Салт жана заманбап тарбиянын айкалышы”. 3. Абдибакир кызы Кундуз “Үй-бүлөдө улуттук иденттүүлүктү калыптандыруу жолдору”. 4. Жусупова Азизакан “Глобалдашуу жана азык-түлүк коопсуздугу: улуттук ашкананын келечеги”. 5. Колпакова Айпери “Заманбап технологиялардын үй-бүлөгө тийгизген таасири.” 6. Мамыргазы кызы Кайыргүл “Глобалдык доордо үй-бүлөнүн өнүгүүсүн математикалык моделдөө” 7. Бактыбаева Салима “Глобалдык доордо: салтты сактоо менен далилдүү медицинанын ыкмаларын колдонуу жана ыңгайлашуу” 8. Бурканов Акылбек “Миграциянын шартындагы үй-бүлөлүк стресс көйгөйлөрү”. Жыйынтыктоочу сөз “Философия жана политология” кафедрасынын доценти, филос.и.к. Г.А.Токоева берилди, ал аспиранттарга илимдердин тарыхы жана философиясы дисциплинасынан сабак берип жыл сайын аспиранттарга тегерек стол жана илимий семинарларды өткөрүп келгенин белгиледи. Мыкты баяндама жасаган аспиранттарга суроолор берилип талкууланды, жана сертификаттар берилди. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилди.