2025-03-20 07:49:59 26
2025-жылдын 19-мартында ОшМУнун Аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан аспиранттар жана PhD докторанттар үчүн коррупциянын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү жана илимий этиканы бекемдөө боюнча иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага бөлүмдүн башчысы, б.и.к., доцент Ж.Т. Молдалиев, ОшМУнун илим жана инновация боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент Э.А. Эшаров, бөлүмдүн улук инспектору З.А. Асанова катышып, талкуу уюштурулду. Жолугушууда аспиранттар жана PhD докторанттар үчүн учурдагы илимий иштердин абалы, андагы негизги маселелер боюнча маалымат берилип, санариптештирилген сайт тууралуу кеңири баяндалды. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.