2025-04-21 03:21:45 39
2025-жылдын 5,11-апрель күндөрү ОшМУнун 561000 — Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина багытындагы PhD программаларынын докторанттары кафедралар аралык апробациядан ийгиликтүү өтүштү. Апробация учурунда PhD докторанттардын илимий иштерин илимий жетекчилер, комиссия мүчөлөрү жана кесиптештери жогорку деңгээлде баалап, конструктивдүү суроолорду жана сунуштарды беришти. Бул сунуштар жана пикирлер докторанттардын илимий иштерин дагы да өркүндөтүүгө жана коргоого сапаттуу даярдоого чоң өбөлгө түздү.