2025-05-21 10:14:52 60
2025-жылдын 13-майынан 26-майына чейин Ош мамлекеттик университетинде 561000 – Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина, ошондой эле 510100 – Математика багыттары боюнча PhD программаларында окуган докторанттардын алдын ала диссертациялык коргоолору өткөрүлүүдө. Коргоо жогорку деңгээлде уюштурулуп, эксперттик комиссиянын толук курамы катышып жатышат. Комиссия мүчөлөрү тарабынан докторанттардын илимий изилдөөлөрү терең талкууланып, мазмуну жана илимий жаңылыгы жогору бааланууда. Иш-чарада ОшМУнун аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы коргоо процедурасы менен тааныштырып, докторанттарга жана алардын илимий жетекчилерине ийгиликтерди каалап, алардын илимий багыттагы аракеттерине жогорку баасын берип келүүдө.