Ош мамлекеттик университети PhD докторантуранын биринчи бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды

2025-06-30 10:28:03 87


2025-жылдын 30-июнь күнү ОшМунун кезектеги Окумуштуулар Кеңешинде алгачкы жолу 561000 «Коомдук саламаттык сактоо жана медицина» багыты боюнча философия доктору (PhD) окумуштуулук даражасын ыйгаруу менен дипломдор тапшырылды. Бул окуя — жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруунун жана илимий потенциалды өнүктүрүүнүн дагы бир ачык далили.

PhD докторлук программасы — заманбап илимий изилдөөлөргө негизделген, эл аралык талаптарга жооп берген жогорку деңгээлдеги билим берүү системасы. ОшМУнун биринчи бүтүрүүчүлөрү илимде, медицинанын өнүгүшүндө жана коомдук саламаттыкты сактоодо маанилүү салым кошо турган адистер.

Бул маанилүү күндө бүтүрүүчүлөргө Ош мамлекеттик университетинин атынан расмий дипломдор тапшырылып, алардын илимий жетишкендиктери жогору бааланды.

ОшМУнун администрациясы,аспирантура жана докторантура бөлүмү жана профессордук-окутуучулук курамы PhD окумуштуулук даражасын алган бүтүрүүчүлөрдү чын дилинен куттуктап, мындан аркы ишинде, илимий-изилдөө иштеринде ийгиликтерди каалайт!