ОшМУнун Аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан “Студент жана илимий-техникалык прогресс”аттуу XII эл аралык илимий конференция өткөрүлдү

2025-12-14 15:22:19 8

Ош мамлекеттик университетинин аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 29-ноябрында “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Конференцияга Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардан, Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен, Анжиян айыл чарба жана агротехнология институтунан 500дүн тегерегинде алдыңкы студенттер, магистранттар жана 100дөн ашуун алардын илимий жетекчилери, окумуштуулар,аспиранттар жана PhD докторанттар ЖОЖдордун илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышышты.