2025-12-19 04:35:12 155
2025-жыл 18-декабрында ОшМУнун социалдык изилдөөлөр бөлүмү жана философия жана политология кафедрасы жана аспирантура жана докторантура сектору тарабынан «Кыргыз салттары жаш изилдөөчүлөрдүн көзү менен: илимий ой жүгүртүү» аттуу темадагы тегерек стол болуп өттү. Аспирантура жана докторантура секторунун башчысы, б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович иш чараны ачып берди. Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу (Кыргыз элинин жарандык аң-сезимин калыптандырууда, өлкөнүн өнүгүшүндө, улуттук маданияттын сакталышында мамлекеттик тилдин орду, Кыргыз элинин салт-санааларын ар түрдүү илимий багыттардын (тарых, лингвистика, биология, медицина, математика, экономика ж.б.) негизинде талдап, алардын коомдук, практикалык жана заманбап жашоодогу актуалдуу болуп келгендигин белгиледи. Иш чарага гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтунун укук жана социалдык изилдөөлөр бөлүмү, философия жана политология кафедрасынын жамааты, аспиранттар, студенттер жана коноктор активдүү катышты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу (Кыргыз элинин жарандык аң-сезимин калыптандырууда, өлкөнүн өнүгүшүндө, улуттук маданияттын сакталышында мамлекеттик тилдин орду өзгөчөлүгү) эске алынып (2025-2026-жылга) кыргызтесттен өтүү маселелери талкууланып жыйынтыкталды. Өткөрүлгөн иш чара жыл сайын улануусу сунушталды. “Философия жана политология” кафедрасынын доценти, философия илимдеринин кандидаты – Токоева Гүлүмбү Азизбековнага ыраазычылыктар айтылды жана тегерек столду өткөрүү милдеттендирилди. Алып барган аспирант Абдуматова Софиянын мыкты алып барганын баалап ыраазычылыктар айтылды. Иш чаранын алкагында сертификаттар тапшырылды. ТӨГӨРӨК СТОЛДУН ПРОГРАММАСЫ Күнү: 2025-жыл 18-декабрь Саат: 14:00 Искусство факультети 106-ауд. I БӨЛҮК: КИРИШҮҮ Тема: «Салт – коомдук технология катары» Спикер: Айпери Калпакова Формат: ❖ Салттардын келип чыгышы жана коомдук функциясы тууралуу инфографика ❖ Илимий-изилдөө методологиясы призмасында салттарды кароо II БӨЛҮК: АТ КОЮУНУН ЛИНГВИСТИКАЛЫК МОДЕЛИ Тема: «Ысым – программа катары: кыргыз аттарынын концептуалдык анализи» Спикер: Мурзакулова Жаркынай Жакыпбековна Формат: ❖ Аттардын түзүлүшү, мааниси боюнча диаграммалар ❖ Туугандык терминдердин системасы ❖ Сахналык көрүнүш: жаңы төрөлгөн балага ат тандоо ❖ Талкуу: «Өз атыңдын маанисин ач» III БӨЛҮК: СҮННӨТ – ЫРЫМ ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК ТАЛДОО Спикер: Халназарова Азада Формат: ❖ Медик: салттык практикаларды далилдүү медицина менен айкалыштыруу ❖ Тарыхчы: тамырсыз азыркы күндү түшүнүү мүмкүн эмес Суроо-жооп бөлүгү ❖ Сүннөттүн гигиеналык жана медициналык талдоосу боюнча диаграммалар ❖ Сахналык көрүнүш: сүннөткө даярдык көрүнүшү ❖ Салттын психологиялык жана социалдык мааниси IV БӨЛҮК: ТОГУЗ КОРГООЛ – МАТЕМАТИКАЛЫК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК МОДЕЛДӨӨ Спикер: Какеева Мырзайым Формат: ❖ Тогуз коргоол тактасынын схемасы ❖ Комбинаторика жана ыктымалдыкка негизделген жүрүштөр ❖ Байыркы коомдогу ресурс башкаруу модели ❖ Сахналык көрүнүш: негизги жүрүштөрдүн анализи V БӨЛҮК: ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙ – СОЦИАЛДЫК СИСТЕМА Спикер: Калмуратова Тазагүл Абдилазимовна Формат: ❖ Үйлөнүү салттарынын этаптары ❖ «Жети ата» системасынын схемасы ❖ Сахналык көрүнүш: "Кыз суроо" көрүнүшү ❖ Үй-бүлө түзүү – социалдык келишим катары VI БӨЛҮК: ПАНЕЛДИК ТАЛКУУ Тема: «Салт жана заманбап жашоо: бириктирүүчү чекит кайда?» Модератор: Абдуматова София Катышуучулар: Бардык спикер-аспиранттар 15:40-17:50 – Жыйынтыктоочу сөздү “Философия жана политология” кафедрасынын доценти, философия илимдеринин кандидаты – Токоева Гүлүмбү Азизбековна жыйынтыктады.