2026-04-17 07:30:53 81
2026-жылдын 15-16 апрелинде Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн медициналык-биологиялык көйгөйлөрдү илим-изилдөө институту, А.С. Жаманбаев атындагы жаратылыш ресурстар институту, Жалала-Абад илимий борбору, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин баткен институту биргелешип, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө ошондой эле 2018-жылдын 31-октябрындагы № ПЖ-221 «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү боюнча сунуштарды эске алуу менен «Илим, практика жана инновациялар — туруктуу өнүгүүнүн негизги булагы» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Түштүк бөлүмүндүн башчысы, КР УИАнын Академиги Османакун Ибраимов жана КР УИАнын мүчө-корр. Таасилкан Жумабаева жана башка илим изилдөө институттардын, чет элдик жана Кыргызстандын ЖОЖдордун академик, профессорлору, илимпоздору катышышты. Иш-чаранын алкагында илимпоздор, адистер жана жаш изилдөөчүлөр аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инновацияларды киргизүү, экологиялык коопсуздук жана билим берүү маселелери боюнча ой бөлүшүшту. Бул конференция илим менен практиканын байланышын бекемдөөсү жөнүндө пикирлерин билдирди, Баткен шаарынын жана институтунун өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу сунуштарын жалпы чечимдерде кабыл алышты. Илимий конференция жогорку деңгээлде өттү. Конференцияга Ош мамлекеттик университетинин илимпоздору аспиранттары, PhD докторанттары активдүү катышты, жыйынтыгында жогорку деңгээлдеги баяндамалары боюнча дипломдорду алышты.