2026-06-21 09:23:56 20
2026-жылдын 18–19-июнь күндөрү Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан уюштурулган «Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн VII мектеби» ийгиликтүү жыйынтыкталды. Иш чарага Ош мамлекеттик университетинен Окумуштуу катчы, Дж.Ж. Асанбекова, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, Ж.Т. Молдалиев, Г. М. Анарбаева жана башка окумуштуулар, докторанттар, аспиранттар жана илимий даража изденүүчүлөр катышты. Мектептин алкагында диссертациялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий эмгектердин сапатын жогорулатуу, эл аралык журналдарга макала даярдоо, жасалма интеллектти илимде колдонуу жана илимий иштердин оригиналдуулугун камсыздоо маселелери боюнча баяндамалар жасалып, практикалык машыгуулар жана талкуулар өткөрүлдү. Жыйынтыктоочу бөлүктө Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы, ю.и.д., проф., КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Борубашов Бекбосун Ишенбекович сөз сүйлөп, мектептин жаш окумуштуулардын илимий потенциалын өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи.